Иса Өмүркулов күч органдарынын жетекчилери жыйынга даярданбай келгенине нааразы болду

Бүгүн, 16-мартта КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, анда өлкөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси каралды.

Жыйында маалымат берген күч түзүмдөрүнүн жетекчилери депутаттардын сынына кабылды. Бир катар депутаттардын суроолоруна так жооптор берилбей, жооптор канааттандырарлык болбой жаткандыгын белгилешкен эл өкүлдөрү укук коргоо органдарынын жетекчилери даярдыксыз келгенин айтышты.

Фракция лидери Иса Өмүркулов вице-премьер Дайыр Кенекеевге кайрылып, күч түзүмдөрүнүн коррупция менен күрөшүү ишин координациялоо жагы начар болуп жатканын билдирди. "Силер фракциянын жыйынына келдиңер, биз мында өтө маанилүү маселени карап жатабыз. Жоопторуңузардын бири да канааттандырбайт, бул жерге оюнга келген жоксуздар го. Бардык суроолорго жообуңуздар болуп, статистикалык маалыматтар алдыңыздарда болушу керек эле", - деди Өмүркулов.

Буга чейин депутат Карамат Орозова айрым жерлерде жалган документтер менен жөлөк пул берилип жатканын айтып, мындай фактыларга канча кылмыш иши козголгонун сураган. Анда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Замирбек Осмонов бул боюнча маалыматы жоктугун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан