Окуучуларга информатика сабагын тактага чийип үйрөткөн мугалимге компьютерлер белекке берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, ганалык Овура Кванду аттуу мугалим социалдык тармактагы баракчасына окуучуларга Microsoft Word компьютердик программасын тааныштырып жаткандыгын баяндаган сүрөт жүктөгөн. Анда мугалимдин аталган программаны балдарга компьютерсиз такта бетине чийип алып түшүндүрүп жаткандыгы тартылган.
Атталган сүрөт жана мугалимдин окуясы интернетте кызуу талкууну жаратып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Бул окуяга кайдыгер карабаган бир нече уюмдар, британиялык университет жана "Microsoft" компаниясы Кванду иштеген мектепке компьютерлерди белекке беришти.Көпчүлүк окуучулар компьютерди биринчи жолу көрүп жаткандыгын айтышкан. Бирок Гананын билим берүү мыйзамына ылайык улуттук экзаменди тапшыруу үчүн окуучулар компьютерди колдонгонду билүүсү зарыл.
12-мартта NIIT компьютердик мектеби Овура иштеген мектепке 5 компьютер жана окуу материалдарын белекке беришкен. Ал эми мугалим Сингапурда өткөн конференцияга чакырылып, ошол жерде "Microsoft" компаниясынан компьютер жана билим берүү үчүн атайын материалдарды белекке алган.
Бирок өз сөзүндө мугалим бир нече компьютер балдарга толук кандуу билим берүү үчүн жетишсиз экенин айтып:
"Албетте, бир мектеп үчүн бул компьютерлер жетишсиз. Бирок дагы да кайдыгер карабаган адамдар биздин мектепке жардам көрсөтүп, компьютерлерди белекке берет деп ишенем", - деп билдирген.