2017-жылы Кытайдан өлкөгө 1 миллиард 500 миң долларлык товар кирди
Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз өлкөсүнүн 2017-жылдагы товар алмашуусунун көлөмү айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Сяо Цинхуа журналисттер менен болгон жолугушууда айтты.
"Кыргыз мамлекетинен Кытайга экспорттолгон товардын баасы 97 миллион 500 миң долларды түзүп, өсүү 3,2 пайызды түзгөн.
Ал эми Кытайдан Кыргыз жерине 1 миллиард 500 миң долларлык товар ташылып, өсүү 2,2 пайызды түзгөн", - деди элчи.