Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин чейрек финалдык баскычына өткөн акыркы командалар аныкталды. Жаш улакчылардан турган "Көк-Жал" командасынын оюнчусу Кубаныч Кеңешбеков командасы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Бүгүн жакшы оюн болду, "Аафият" командасы менен беттештик. Аларды күчтүү деп ойлоп, коркуп чыкканбыз. Утулуп калабыз деп ойлонгонбуз, бирок жеңишке жеттик. Биздин команда жаш балдардан түзүлгөн, курамыбызда 1998-1999-жылы төрөлгөн жигиттер бар. Өзүм көк бөрүнү 5-класстан баштап ойноп келе жатам. Былтыр, 2017-жылы Нооруз майрамына арналган мелдеште алгачкы жолу ири мелдешке катышкам. Командаларга ийгилик каалайм, күчтүү команда жеңишке жетсин", - дейт Кубаныч Кеңешбеков.
Айта кетсек, бүгүн көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жарым чейрек финалдык оюндар өттү. Анда 8 команда өз ара беттешип, чейрек финалга өткөн акыркы командалар аныкталды. Жыйынтыгында чейрек финалга "Достук", "Көк-Жал", "Сары-Өзөн" жана "Арашан" командалары өтүштү.
Эртең, 17-мартта чейрек финалдык беттештер орун алат. Анда "Ынтымак" - "Толкун", "Биримдик Аю" - "Мурас", "Достук" - "Көк-Жал" жана "Сары-Өзөн" - "Арашан" беттештери өтөт.
17-мартта боло турган беттештер, чейрек финал:
9:30 "Ынтымак" - "Толкун";
11:00 "Биримдик Аю" - "Мурас";
12:30 "Достук" - "Көк-Жал";
14:00 "Сары-Өзөн" - "Арашан".