Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси студенттер үчүн Кытайга барууга виза алуу эч кандай кыйынчылык жаратпай тургандыгын айтты

Кыргыз студенттери үчүн Кытайга окууга барууга виза алуу кыйынчылык жаратпайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй журналисттер менен жолукканда айтты.

"Кыргыз студенттеринин Кытайга окуу үчүн виза алуусу эч кандай кыйынчылыкты жаратпайт. Ар бир студент документтерин өз учурунда алуу үчүн биздин консул кошумча убактысын бөлүп, ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Ал эми соода-сатык жаатындагы мамилелер жакшырып келе жатат. Учурда товар ташыгандарга кыйла жеңил болуп калды. Кытай - Кыргыз жеринин эң жакын досу. Андыктан Кытайдын Кыргыз өлкөдөгү элчилиги мамилелердин жакшыруусу үчүн болгон аракетин көрүүдө", - деди элчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан