500 сом үчүн кыйылган өмүр: "Кызым классташтарынын алдында ууру аталганына намыстанып асынып алды"

6-март күнү Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда өз үйүндө асынып алган 9-класстын окуучусу Жаркынай Жеңишбекованын өлүмүнүн себептерин ата-энеси SUPER.KG порталына айтып беришти.

Маркум кыздын апасы Айгүл Токтосунованын айтымында, ал классташтарынын көзүнчө мугалимдеринин "акча уурдап алгансың" деп уяткарганынан намыстанган.

"5-мартта кызым телефон чалып, "апа, мектепке келип калыңыз чогулуш болот" дегенинен барсам, мугалимдери "класстан бир кыздын 500 сому жоголду. Ал Жаркынайдын бутунун алдынан табылды" дешти. Кызым ак да, көк да деген жок. Бала да уурдаса уурдап алгандыр деп ойлоп, "кызым, тиги кыздан, мугалимдерден кечирим сура" дедим. Жолдо келе жатып "апа, мени кечирип коюңузчу, экинчи эч качан атам экөөңөрдү жер каратпайм, бул акыркысы болот" деди. Экөөбүз анын ыйлагандан көзүнүн шишиги тарагыча 2-3 маршруттук таксини коё берип анан үйгө бардык.

Эртеси эртең менен сабакка бар деп ойготтум. Азыр деп коюп улам сыртка кирип, чыгып жүрө берди. Мындай оюн билсем, кызымды жанынан чыкпай кайтарбайт белем. Бир убакта дарбаза катуу жабылды. Мектепке кетти экен деп ойлосом, кетимиш болуп, короодогу бастырмага 2 моюн орогучун улап туруп асынып алыптыр. Мен аны сезбей, туйбай сыртка да чыкпай балдарым менен үйдө отура бериптирмин.

2-класстагы балам саат ондо мектепке бармак. Ал ойгонуп, сыртка чыгып 5 мүнөттөй жок болуп кетип келди да, "апа, эжем муунуп алыптыр" деди. Сыртка чыксам кызым жерде жатат, көрсө балам бычак менен жипти кесиптир. Үйгө көтөрүп кирип, "Тез жардам" чакырттым, атасына телефон чалдым. Бирок алып кала алган жокпуз. Саат сегизге жакын асынса, биз тогуздарда көрүп жатпайбызбы. Бир сааттай асынып туруп калыптыр", - дейт маркумдун апасы.

Жаркынайдын атасы Жеңишбек Муктаров кызынын каза болушуна мугалимдердин да күнөөсү бар дейт.

"Классташтарынын көзүнчө кызымды мугалимдер ууру тутуп, мурун жоголгон буюмдарды да кызымдан көрүшкөн. Мен аларды сотко бербейм, бирок мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек.

Кызымдын 500 сомду уурдаган, уурдабаганын чын эле билбейм. Бирок анын мындай жорукту жасаганына ишенбейм. Мугалимдерге нааразы болгонум - кызымды классташтарынын алдында ууру тутушуп, 500 сомду гана эмес, мурун жоголгон буюмдарды да андан көрүшкөн. Мугалимдик этика кайда, алар психолог болуш керек эле го. Уурдаган күндө да, балдар, кыздардын алдында бут кийимин чечтирбей, эгер шекшип жатышса өзүнчө алып чыгып карашпайт беле. Мугалимдер үйгө куран окутуп келип жатышты. Мен аларды сотко бербейм, бирок мыйзам алдында жооп беришсин дейм", - дейт Муктаров.

Ал эми Орок орто мектебинин директорунун тарбия боюнча орун басары Фарида Бейшенбаева мугалимдер балдар, кыздардын бут кийимин чечип текшеришпегендигин, сүйлөшүп турушканда Жаркынайдын бутунун жанында 500 сом жаткандыгын класс жетекчиси көргөндүгүн айтат.

"Жаркынайдын бутунун алдында 500 сом жатканын көргөн класс жетекчи "бул эмне акча" дегенде Жаркынай "ал меники эмес" деп чочуп кеткен. Ошондо эле мугалимдер аны башка кабинетке алып киришип өзүнчө сүйлөшүшкөн. Аңгыча апасы келип калган. Жаркынай акчасын уурдаткан кызга "мен тамашалап койгом, сага берейин деп жаткам, жетишпей калбадымбы" деп кечирим сураган. Социалдык педагог апасына 2-3 күн убакыт өткүчө кызды өзүңүз мектепке алып келип, кайра алып кетип туруңуз, капыстан кырсык болуп кетпесин" деп эскертиптир. Бирок андай болгон жок", - деди Бейшенбаева.

500 сом үчүн кыйылган өмүр. "Кызым классташтарынан намыстанып асынып алды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
ice87
2018-03-17 00:05:51
Жаман болуптур!9-класс болсо чон эле Кыз экен.
+2
Birimdik5555
2018-03-17 00:22:30
Мугалимдер психолог эмес ушакчылары да коп,ата-энелер да 500 сом карматып койбой 100-200 берсе болот да балдарына
+2
Birimdik5555
2018-03-17 00:23:14
Жаткан жери жайлуу болсун,уй-булосуно сабыр берсин Аллахым
+4
al-abu-kinesz
2018-03-17 00:24:44
Мугалимдерге эми соз жок, заочно бутуп эптеп септеп сабак отумуш болгондор да чыгат, анан албетте алар мугалимдик этиканы кыйратмак беле? Ата-эне да кыраакылык кылып (мугалим психолог болуш керек деп асылбай) оздору да кызынын психологиясын жакшы билип козомол кылса болмок. Тем более откоол куракта экен кызы...
+5
expert.007
2018-03-17 00:55:37
Мугалимдерди жазалаш керек.
+6
asemanur
2018-03-17 02:10:17
Албетте ата энесине сабыр тилейм жаман болуптур . Азыркы заман мугалимдер учун ото оор болду алган айлыгыбыз 4000 же 8000 мин жоопкерчилибиз тоодой бир балага а деп суйлогонго укугубуз жок . Ал эми окуучулар каалаганын кылышат . Кааласа класста согунушот мугалим деле адам . Ал эми жогорку мугалимдер балдардын көзүнчө эмес өзүнчө сүйлөшсө болмок
+13
aerforce
2018-03-17 02:25:10
Жаштык кылыптырда өкүнүчтүү ата энесинин шору чыркырап ыйлап калды а мугалим деген психолог болуш керек а не псих
+1
nur...nur.
2018-03-17 02:27:57
Уйбулосуно сабыр чырактай кыз экен откоол куракта жаштык кылыптыр
+2
Laguna2017
2018-03-17 04:17:06
Европанын мектептеринде ата-энесине баласын жамандаган болбойт экен. Жакшы жактарын айтып туруп кайра ата-энесинен сурайт экен биз эмнеге кобуроок конул бурушубуз керек деп. Математикадан начар эле десен жоок жакшы эле мынтет-тигинтет деп кайра мактайт экен. Кыргызстандын мугалимдерин Европанын мектептерине стажировкага жибериш керек экен. Негизи эле мугалим бул чоон жоопкерчилик, ото дыкат болушу керек.
0
cyrus
2018-03-17 04:22:21
Аттин жаштык кылган турбайбы. Уй булоосуно Аллах сабыр берсин.
0
zhykyo
2018-03-17 10:11:42
Озун тушуруп коюп эле буроонон коро бересинби деп ишти ошо жерден бутуруш керек болчу анан шашпай суйлошсо болмок .Бул жерде башка кыз алып мунун колуна бергендей катып коюп тамашалайлы деп ойлошкон жеке оюм да
+1
dosym
2018-03-17 11:59:41
Мугалим психолог, врач, милиция, сот, судья, актер, дос,окумуштуу, тарбиячы, рефери, экинчи ата эне, бугалтер, жазуучу болуш керек, Качан сабак берет?? ???
-4
barakcha
2018-03-19 06:37:35
dosym,ушулардын ичинен бухгалтерликти укмуш аткарышат.баардык мээлерин акча ээлеп калган))
0
spacegirl
2018-03-17 12:22:36
Ойдо жактагы комментарийлерди окуп тан бердим мугалим куноолу дейсинер мугалим ар класста жок дегенде 30 бала отурат ар бирине мамиле жасап отурса эмнеми калат. Европага стажировкага жибериш керек дейсин европаны турап эмне болуп бара жатабыз кыздарыбыз онлайн секс корсотушот балдарыбыз суицид болуп жатат мурун урушуп койсо олбой этпей эле чонойдукго. Наоборот балдарды катуу кармаш керек бир аз болсо да динден маалымат бериш керек.
+3
shumkar929292
2018-03-17 14:54:32
Кыздын бутунун жанында жатыптыр дебатпайбы балким түшүп калган ошол жерге класс жетекчиси көрүп сураганда меники эмес дептирго ошончо акчаны көтөрүп жүргөн окүучуда да күнөө бар жакшылап катып албай өзү түшүрүп бирөөдөн көрбөй
+2
Targarien
2018-03-18 04:33:12
Азыркы оспурумдор ушундай оз жанын кыйган ото эле сезимтал болуп баратат Ошого атенелер баланарга кобуроок конул бургула Айрыкча конулу чогуп жургондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан