Бүгүн, 16-мартта КСДП фракциясы өлкөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу маселесин карады.
Жыйында маалымат берген күч түзүмдөрүнүн жетекчилери депутаттардын сынына кабылып, берилген суроолорго так жооптор болбой жатканы айтылды.
Фракциянын лидери Иса Өмүркулов вице-премьер Дайыр Кенекеевге кайрылып, күч түзүмдөрүнүн коррупция менен күрөшүү ишин координациялоо жагы начар болуп жатканын айтты. Депутат Рыскелди Момбеков өлкөдө эч кандай коррупция менен күрөшүү жүрбөй жатканын билдирди. "Укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрү коррупционер", - деген пикирин айтты.
Депутаттар өкмөттүн кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча отчётун "канааттандырарлык эмес" деп таап, өкмөт башчы баа берүүсүн талап кылууну чечишти.