Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы: "Менин кандай иштеп жатканымды айыл тургундары жакшы билет"

Менин кандай иштеп жатканымды айыл тургундары жакшы билет. Мындай оюн бүгүн, 16-мартта Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Элмира Мамбетова SUPER.KG порталына билдирди.

Жумгал районундагы Көк-Ой айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана айыл тургундары кечээ, 15-мартта маалымат жыйын уюштуруп, анда алар 2016-жылы айыл өкмөт башчылыгына шайланган Элмира Мамбетовага карата нааразычылыктарын айтышкан.

"Элмира Мамбетова айыл өкмөтү болуп келгенден бери Көк-Ой айыл аймагында абал тынч эмес. Айыл өкмөтү болгондон кийин эл менен кеңешпей туруп "Нурико" аталышындагы курулуш фирмасына комплекстүү ветеринардык клиника ачкан. Ошол бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат. 2017-жылы айыл өкмөттүн бюджетинде каралган 955 миң сомдун 200 миңине кичи автобус, 750 миңине 1988-жылы чыгарылган жүк ташуучу КамАЗ сатып алган. Аны болсо өз кызыкчылыгына колдонуп көмүр ташып жүрөт, буга да укуктук баа берилүүсү керек. Айыл өкмөтүнүн кеңсесин бала бакчага берип коюп, өздөрү клубдун тар бөлмөсүндө отурат", - деп билдирген жергиликтүү кеңештин депутаттары.

Бул маселе боюнча айыл өкмөт башчысы менен байланышканыбызда, ал 2016-жылдан бери эл үчүн иштеп жаткандыгын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:

"Буга чейин Көк-Ой айыл өкмөтүндө бир дагы бала бакча болгон эмес. Бул маселеге байланыштуу айыл өкмөттүн конторасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бала бакча кылганбыз. Ансыз деле айылдын аппарат кызматкерлери имараттын бир башында эле отурчубуз, калган бөлмөлөр дайыма бош болчу", - дейт Мамбетова.

Ошондой эле ал азыркы тапта бала бакчада 3 группада 90 бала тарбияланып жаткандыгын кошумчалады.

"Кечээ маалымат жыйынына катышкан Бакыт Кудайбергенов менен Азамат Дондолоев туугандар, ал эми Жийдегүл Бабаева мага чейинки айыл өкмөт башчысы Стан Сайнидиновдун аялы. Мурунку айыл өкмөтү көптөгөн мыйзамсыз иштерди кылган анын баары далилденген. Эми минтип менин ишиме да тоскоол болуп жатышат. Мен кандай иштеп жатканымды айылда жашаган тургундардан сурасаңар айтып берет", - дейт айыл өкмөт башчысы.

Элмира Мамбетованын айтымында, 2008-жылы мурдагы айыл өкмөт башчысы айылдагы эски конторанын имаратын өзүнүн аялынын наамына мыйзамсыз менчиктештирип алган. Дал ошол имарат талашка түшүп ортодо пикир келишпестиктер жаралган.

Ал эми маалымат жыйында сөз кылынган ветеринардык клиника азыркы тапта иштеп жаткандыгын ал жакта вакцинация кылуу, жасалма жол менен уруктандыруу жана башка ушул сыяктуу иштер жүргүзүлөрүн да билдирди.

"2017-жылы айыл өкмөттүн бюджетинде каралган 955 миң сомдун 200 миңине кичи автобус, 750 миңине 1988-жылы чыгарылган жүк ташуучу КамАЗ сатып алынганы чын. Азыркы тапта оор жүк ташуучу автоунаа менен айылдагы таштандылар чыгарылып турат, ал эми кичи автобус Көк-Ой айыл өкмөтүнө караган Кичи-Арал айылынын окуучуларын мектепке ташыйт", - деп билдирди Мамбетова.

Мындан сырткары, айыл өкмөт башчысы мыйзамдын ченинде иш жүргүзүп жаткандыгын жана ар бир кылган иш-аракети үчүн жооп берүүгө даяр экенин айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан