Бишкек-Ош унаа жолу 16-мартта саат 17:10до ачылды. Бул тууралуу маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Жол саат 17:10до ачылып, унаалар эки тараптуу коё бериле баштады. 15-мартта саат 16:30да Ала-Бел ашуусуна түшкөн 10 миң метр куб кар көчкүнү тазалоого 4 техника тартылган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.