Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө дубандарынан келген жаштар жана айыл аймагынын башчылары менен жолугушту

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу өлкөнүн 6 облусунан келген жаштар уюмунун 27 мүчөлөрү жана алар жашаган айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда жаштар Жогорку Кеӊештин депутаттары менен бир катар орчундуу маселелер боюнча пикир алышты. Алар кыргыз парламенти менен бирге жаштар көйгөйүн чечүү, жаштардын коомдогу орду, тынчтыкты сактоо, өлкөдө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Демилгечилердин бири депутат Аида Касымалиева бир жылдан бери устат катары биргелешип иштешип келе жатканын эске салып, бул мезгил аралыгында жаштар лидерлик өнөр жаатында бир топ тажрыйба топтогонуна токтолду.

"Бул жолку жолугушуунун максаты - сиздер келген аймактардагы негизги көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулоо", - деди Касымалиева.

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жаштар уюмдарынын өкүлдөрүн билимдүү, жигердүү жана мекенчил балууга чакырды.

"Калктын 30 пайыздан ашуунун жаштар түзөт. Өлкө турмушун аларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, элет жергесинде чечилбей келе жаткан көйгөйлөр көп, анын ичинде жаштар маселеси да бар. Мисалы, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу, ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүн чечүү эле канчалык аракеттерди талап кылат. Мында кыргыз парламентинин депутаттары четте калбайт, бул багытта силер менен биргелешип иш алып барууга даярбыз", - деди Бакиров.

Белгилей кетсек, өлкө аймактарынан келген жаштар уюмдарынын мүчөлөрү менен жолугушууга Жогорку Кеӊештин депутаттары Мирлан Бакиров, Надырбек Каримов, Мирлан Жээнчороев, Айнура Осмонова, Акылбек Жамангулов, Аида Касымалиева катышып, жаштар көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолу жаатында ой-пикирлерин билдирүү менен бирге жаштардын суроолоруна жооп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан