Атабаев көчөсүндөгү аялдаманы көмүр сатуу үчүн колдонгондорго тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Нурбек Азимбеков билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта Ош шаары боюнча бардык эски аялдамаларды бузуп, жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бирок оңдоп-түзөө иштери көптөгөн каражаттарды жана убакытты талап кылат.
"Бизге Ош шаарындагы Атабаев көчөсүндө жайгашкан аялдаманы жергиликтүү тургундар көмүр сатуу үчүн колдонуп жаткандыгы жана бул шаар тургундары үчүн ыңгайсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Биз аталган жерге эртең тиешелүү органдарды жиберип аялдамада соода кылып жаткан тургундарга эскертүү берип жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз", - дейт Азимбеков.
Эскерте кетсек, "Ош шаарындагы аялдамага маршруттук таксилер токтобойт. Аялдамадагы отургучтарга көмүрдү мүшөктөп жыйып алып сатышат" деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жөнөткөн.