Шадиев: "Менчиктештирүү программасына кирген 40 объектинин сегизи 18 миллион 835 миң сомго сатылды"

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын жыйынында мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун, улутташтырылган мүлктөрдүн натыйжалуу пайдаланылышы боюнча маселе каралды. Анда биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев "Менчиктештирүү программасына кирген 40 объектинин сегизи 18 миллион 835 миң сомго сатылды", - деди.

Шадиевдин айтымында, азыркы тапта Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду 99 мамлекеттик ишкана менен иш алып барууда. Анын ичинен 59у акционердик коомдун акционери.

"Мамлекеттик ишканалардын санын 30-35ке чейин кыскартуу пландаштырылып жатат. Жыл башында башталган мамлекеттик активдерди электрондук инвентаризациялоо процесси жыйынтыкталууда. 65 мамлекеттик мекеменин 63ү толугу менен электрондук инвентаризациядан өттү. Экөө болсо жакында бүтөт", - деди Шадиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
turaliev
2018-03-16 21:48:40
Супер Админ.Менчике сатыла турган мамлекеттик ишканалардын тизмесин жана баасын кайсы жактан билсек болот, жарыялап койсонор баарына маалым болмок. Биз дагы сатып алмакбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан