Бюджетке таза киреше берген мамлекеттик ишканалардын аты аталды

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясы мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугу жана улутташтырылган объекттер боюнча маселени карады. Анда Мамлекеттик мүлк фонду бюджетке таза киреше берген мамлекеттик ишканалардын атын атады.

Маалыматка караганда, таза киреше берген ишканалардын катарына “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасы, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, “Кыргыз почтасы”, “Аврора Ысык-Көл”, “Чыгыш автобекети” жана башка мекемелер кирет.

Депутат Алтынай Өмүрбекова фракция жыйынында мамлекеттик мүлктөрдү башкарууну өнүктүрүү маселеси бир нече ирет көтөрүлгөнү менен иштелип чыга электигин сынга алды. Депутат мамлекеттик мүлктү баалоо эски ыкма менен жүргүзүлүп келе жатканын билдирип, аны баалоонун жаңы стандартын киргизүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kanat21BEK
2018-03-20 23:12:48
Кыргыз темир жолу тендердин аркасы менен кирешелуу болуп калды эгер эл убагында реакция кылбаганда чоон сумманы авторемонтко короткое бирок ага деле болбой ит ургандай кымбат вагондорду сатып алды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан