Иса Өмүркулов: "Мамлекеттик сатып алууда бааны төмөн койгондорго артыкчылык берилгендиктен, көп учурда товар менен кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн болууда"

"Мамлекеттик сатып алууларда бааны төмөн койгондорго артыкчылык берилгендиктен, көп учурда товар менен кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн болууда", - деди КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бүгүнкү фракция жыйынында. Депутат бул тууралуу кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселе талкууланып жатканда билдирди.

"Учурда мамлекеттик ишканалар менен мекемелер тендер өткөрүүдө чочулап калган. Буга тендер маселелери боюнча кылмыш иштеринин көп козголуп жатышы себеп болууда. Мамлекеттик сатып алууларга жарыяланган тендерлерде анын баасына эле эмес, аткаруу мөөнөтүнө, алардын жоопкерчилигине, товардын сапатына да көӊүл буруу зарыл", - деди Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан