Аты-жөнү, жеке номуру өзгөртүлүп берилген 4 миң паспорттун 1 миң 200ү кайра кайтарылып алынды

Аты-жөнү, персоналдык номуру өзгөртүлүп берилген 4 миң паспорттун бир миң эки жүзү кайра кайтарылып алынды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

"Бир жыл мурун март айында Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупцияга каршы аракеттер боюнча маселе каралган. Ошондон кийин көп жооптор келген. Айдоочулук күбөлүк алуу онлайн экзамен киргенден кийин, күбөлүк берүү төрт пайызга төмөндөдү. Мурда эптеп күбөлүк алып жүргөн 96 пайыз адамдар ала албай калышты. Соттолгон, иш козголгон, криминалдык элементтери бар жана депортацияланган жарандар жаңы паспорт алышкан. Бул боюнча иш козголгон. Алардын саны төрт миңге жакындап, анын бир миң эки жүзү кайра элдерден алынган. Бирок ошол иш 2015-жылы козголуп кайра токтогон. Эми кайра козголуп жатат. Бул жерде бир системдүү иш бар", - деди Жээнчороев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ask094
2018-03-16 20:35:36
Мыйзамсыз депорт болуп кетсен анан эмне кылыш керек? ХХХХХХХ ушуга тийбегилечи жок дегенде. Эптеп иштеп атсак
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан