Бугүн, 16-мартта Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция менен күрөшүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маселе каралды. Анда депутат Кенжебек Бокоев паспорт берүү укугун Ички иштер министрлигине берүүнү сунуштады.
"Менин сунушумду өкмөт карап чыгышы керек. Анткени паспорт берүүнү ИИМге берүү кажет. Паспорт - биздин мамлекеттин менчиги. Ошондуктан бул өзгөчө көзөмөлдө турушу керек деп ойлойм. Миңге жакын Кытай жараны туруктуу жашоо укугун алышкан. Эки жыл мурун мыйзамсыз алганы аныкталды. Эки жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин ошол документтерди жокко чыгарбаптыр. Алар биздин жарандардай эле жүрүшөт. Мен ойлойм, бул тапшырманы берип, мыйзамсыз алынган документтерди жокко чыгарыш керек. Ойлоп көрүңүздөр, биздин жарандар ошентип башка жакта жүрсө эмне болот эле?!" - деди Бокоев.