Оштогу шайлоо тилкелери жайгашкан мекемелердеги пандустар иликтенет

Бүгүн, 16-мартта Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында Ош шаарында шайлоону жана референдумду өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында шайлоо тилкелеринин жеткиликтүүлүгүнүн абалын иликтөө боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Кабарда айтылгандай, ага шаардын вице-мэри, жумушчу топтун төрагасы Шакир Зулимов жана жумушчу топтун мүчөлөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө шаардагы мекеме ишканаларда, шайлоо тилкелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттар тууралуу талкуу болуп, ага байланыштуу вице-мэр жумушчу топтун мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн шайлоо тилкелери жайгашкан билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият мекемелеринин, административдик имараттардын жана жеке сектордун жеткиликтүүлүгүнүн абалын иликтеп чыгып, жыйынтыгы боюнча сунуштарды 30-мартка чейин мэрияга бериңиздер. Келген сунуштарга карап тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлөт”, - деди Ш.Зулимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан