Беларустун Минск шаарында 15-март күнү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылуу аземи болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көргөзмөнү 15-апрелге чейин өткөрүү пландалууда.
"Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери Беларусь өлкөсүндө алгачкы жолу коюлуп жатат. Учурда көргөзмөдө 3 кыргыз сүрөтчүнүн картиналары бар. "Ак булут" аталышындагы көргөзмөдө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөр Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына чоң салым кошууда", - деп айтылат маалыматта.