Москва Улуу Британияга жооп иретинде британиялык дипломаттарды чыгарат

Орусия Улуу Британиянын аракеттерине жооп катары британиялык дипломаттарды өлкө аймагынан чыгарат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-мартта Улуу Британиянын элчиси Лори Бристоу Москвадагы ТИМге чакырылып, ага нота берилди.

"Берилген нотага ылайык, Москвадагы Улуу Британиянын элчилигинин 23 кызматкери бир жуманын ичинде чыгарылуусу каралган. Мындан тышкары орус тарап Санкт-Петербург шаарында Улуу Британиянын Башкы консулдугун ачууга макулдугун чакыртып аларын билдирет", - деп жазылат расмий маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Солсбери шаарында чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Скрипал жана анын кызынын ууландырылышына байланыштуу 23 орусиялык дипломатка бир аптанын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KRIMINAL
2018-03-17 17:47:23
Экономикасы күчтүү мамлекет болсо ушинтип коркпой тирешет бизге окшоп жалтактаба

Орусияда кытайларга мыйзамсыз поспорт бериле турган болсо качан эле кайрып алып бул ишке катыштыгы барларды жоопко тартмак!
+11
Azatbek83
2018-03-17 20:29:06
KRIMINAL,өтө эле аша чаап сабадыңбы?!
-10
Pchelka85
2018-03-17 18:06:36
Англия эч бир доказательствосу жок эле Россияны куноолоп чыгып атат.. Англиянын аргументи, "новичок" деген уулу зат Россияда гана ойлонуп табылып, Россияда гана сакталчу экен. Составы да секретный дешет. Составы сектретный, мындай уулу затты англиянын кыска мооноттун ичинде "новичок"деп кантип аныктап чыгышты деген да ой келет.
0
Azatbek83
2018-03-17 20:30:40
Pchelka85,Сен
аны Орусиянын жаңылыктарынан көрүп угуп айтып жатсаң жаңылашасың!
+1
Pchelka85
2018-03-17 21:55:55
Azatbek83,мага сиздин версияныз кызык болуп атат. Эгер мен жанылышып атсам анда козумду ачып чындыкты айтып ьеринизчи. Чын аябай кызык болуп атат.
+3
orxidey
2018-03-17 19:06:17
Бул эфирдеги АКШ менен Ангилянын Россияга болгон сценариясы айтатго мал олоорундо койчумандын таягына сойонот болуп жатата.
0
Mina24
2018-03-17 20:16:15
Рассияга тенелбегиле аксап каласынар канча эвропа бут тоскон сайын онугуп осуп атат биске шериктеш олко алга Рассия
+3
jbolotov
2018-03-17 21:38:53
Россия жакын союздаш болгону менен Кыргызстанга дос эмес, Кыргызстан орустардын эзуусунон 91жылы Американын жардамы менен эркин коз карандысыздыкты алнанбыз, Назарбаев бул жонундо ачык эле айтты, досубуз Америка болбогондо Россиядан болунуп чыга албай колония боюнча калмакбыз деп. Манкурт кулдун тукумдай ойлонбой кенири ойлонгула.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан