Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин чейрек финалдык беттештери өтүп, жарым финалга аттанган командалар белгилүү болду. "Достук" курама командасынын улакчысы Манас Ниязов командасы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Биздин "Достук" командабызга быйыл 7 жыл болуп калды. Ар түрдүү мелдештерде утулуп-утулуп ушул даражага жеттик, эми кичине утуп баштадык десе болот. Быйыл биздин курамга жаңы 2 оюнчу кошулду, бири Айбек деген улакчы, ал ортого чыгып улак тартышса, экинчиси Султан деген улакчы. Азыркы Нооруз майрамына арналган мелдешке алар менен бирге 2 ай даярданып машыгуу жыйындарын өткөрдүк", - дейт Ниязов.
Ошондой эле ал атаандаштары тууралуу айтып берди. "Чейрек финалда "Көк-Жал" командасы менен кездештик, жаш балдардан түзүлгөн курама экен. Командасына жакшы улакчылар чогулуптур, буюрса, 2-3 жылдын ичинде жакшы жыйынтыктарды көрсөтө баштайт деп ишенем. Мурунку мелдештерде күчтүү командаларга туш болчубуз, бул жылы дагы күчтүү командалар менен кездешебиз деп ойлогонбуз, бирок, тилекке каршы, андай болбой калды. Бизге жаңы командалар туш келип, аттарды жана өзүбүздү дагы көп кыйнабай жарым финалга чыгып алдык. Эми 19-мартта жарым финалда ойнойбуз", - деди улакчы.
Айта кетсек, "Аккула" ат майданында чейрек финалдын алкагында "Ынтымак" - "Толкун", "Биримдик Аю" - "Мурас", "Достук" - "Көк-Жал" жана "Сары-Өзөн" - "Арашан" беттештери орун алган. Анда Манас Ниязовдун "Достук" командасы Чүйдүн "Көк-Жал" командасына утууга дээрлик мүмкүнчүлүк бербей, ири 14:2 эсебинде жеңип алган.
Муну менен Таластын "Ынтымак", Чүйдүн "Биримдик Аю", Оштун "Достук" жана Чүйдүн "Арашан" командалары жарым финалга өтүшкөн.
Ал эми 19-мартта боло турган жарым финалдык оюндарда "Ынтымак" - "Биримдик Аю" жана "Достук" - "Арашан" командаларынын беттешин көрүүгө болот.
Бүгүн, 17-мартта болгон беттештердин жыйынтыгы, чейрек финал:
"Ынтымак" - "Толкун" - 8:1;
"Биримдик Аю" - "Мурас" - 7:3;
"Достук" - "Көк-Жал" - 14:2;
"Сары-Өзөн" - "Арашан" - 0:1.