Бишкекте өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча президенттин кубогу старт алды. Жалал-Абад менен Баткенден шахматчылар келе алган жок

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу старт алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз жергесинде 5-ирет өтүп жаткан мелдеште өлкө аймактарынан 400гө жакын өспүрүм катышууда.

"Бул мелдеш Кыргыз өлкөсүндө 5-ирет өтүп жатат. Мелдеште өлкөбүздүн 5 аймагынан 400гө жакын спортчу келип күч сынашууда. Тилекке каршы, бул мелдешке, Жалал-Абад жана Баткен облусунан катышуучулар келе алган жок. Мелдеште ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дагы катышууда, аларды январь айынан баштап бөлбөй ойнотуп жатабыз. Кубок үчүн 6, 8, 10, 12, 14 жашка чейинки өспүрүмдөр күч сынашып жатышат", - дейт Турпанов.

Айта кетсек, мелдештин жабылыш аземине гроссмейстер, шахмат боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Анатолий Карповдун келиши күтүлүүдө. 23-мартта мелдештин акыркы күнү болуп, 24-мартта спортчуларды сыйлоо аземи орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Elnura08
2018-03-17 19:29:41
Жалалабад мн Баткенди эмнеге болуп койушту?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан