Бишкекте Орусиянын элчилигинин алдында жүздөгөн шайлоочу келип, узак кезек күтүүсү жаралды (фото)

Бүгүн, 18-мартта Орусиянын президентин шайлоо өтүүдө. Кыргыз Республикасында жашаган Орусия жарандары үчүн 6 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын биринде, тагыраагы, Бишкектеги элчиликтин алдында жүздөгөн шайлоочу узак кезек күтүүдө.

Дипломатиялык мекеменин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, Кыргыз жергесинде шайлоо эч кандай тоскоолдуксуз өтүүдө. "Көп шайлоочулардын катышуусу күтүлүүдө. 2012-жылдагы буга чейинки президенттик шайлоодогу тажрыйбаны эске алганда, республика боюнча 12 миңге чукул шайлоочу катышкан. Быйыл биз ушундай же мындан көп шайлоочулардын катышуусун күтүп жатабыз. Саат 12:00гө карата Бишкекте 1 515, Ошто 990, Кантта 1144, Караколдо 328, Кара-Балтада 510, Чолпон-Атада 147 добуш берилди", - дешти элчиликтен.

Айта кетсек, бүгүн президенттик шайлоодо жалпысынан дээрлик 111 миллион Орусия жараны добуш беришмекчи. Алар үчүн дүйнө боюнча 43 миң 271 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Кыргыз жеринде добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Кара-Балта жана Чолпон-Ата шаарларында жайгашкан. Ага ылайык, Орусиянын жарандары бул шаарларга барып добуш бере алышат.

Президенттик шайлоодо 8 талапкер ат салышууда. Алар:

  1. Сергей Бабурин;
  2. Павел Грудинин;
  3. Владимир Жириновский;
  4. Владимир Путин;
  5. Ксения Собчак;
  6. Максим Сурайкин;
  7. Борис Титов;
  8. Григорий Явлинский.
Орусия президентин шайлоо. Бишкектеги узак кезек күтүү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ekaterinburg
2018-03-18 14:02:13
Биз да ушинтип Орусияда чогулуп калабыз орустарга окшоп.
+6
vavilon.
2018-03-18 14:10:08
ekaterinburg, Орусиядагы кыргыздарды президенттик шайлоого катыштырбай койдуго кобун былтыр 2017. Орусияда 1млн кыргыздын ичинен болгону 10-15миңи шайлады, аны да бурмалап салышты. Россияны карагылачы, Кыргызстанда жарандары аз экенине карабай шайлоого шарттарды тузду.
+15
evra_kg
2018-03-18 14:06:04
Ким кеттат экен алдыда Путин болсун иши кылып
+13
tursunbaev78
2018-03-18 15:10:56
evra_kg,жиндиге да маалым ким болушу
+5
Medina87
2018-03-18 14:13:29
Саясий эксперттер алда качан эле айтышкан го Путин Президенттик шайлоодо утат дешип.
Мен да Путинге ийгилик каалайм!!
+15
Adhambek
2018-03-18 15:31:22
Путин бар дуйно тынч Бар болсун Бизгедагы ушундай жол башчы насип кылсын
+18
Baku88
2018-03-18 16:23:46
Путин Путин жана да Путин
+13
altyn7776
2018-03-18 17:34:55
Бизде откон президенттик шайлоодо 1 миллионго жакын адамга 17 мин эле бюллетень даярдап, ошого жараша эле адамды катыштырган. Бул да болсо АШАнын бийликтеги шалаакылыгы катары тарыхта калды.
+7
barsbegKG
2018-03-18 17:54:14
Россиядагы биздин шайлоо тилкелери ушундай иштеген жок АШАнын көралбастыгы шалаакылыгы. Алдырып кой(ё)ом деп корккондугу
+3
Rasul94
2018-03-18 20:55:22
буйруса Путин эртен ушул маалда кайрадан президент.
тынчтыкта отсун шайлоо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан