ЭЛДИК КАБАР: Аксыда "Нооруздай жаркын ай барбы, тосолу толкуп майрамды" аттуу маданий иш-чара өттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында Нооруз майрамына карата "Нооруздай жаркын ай барбы, тосолу толкуп майрамды" аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө улуттук каада-салт, нарк-насил, үрп-адатты чагылдырган көрүнүштөр аткарылды. "Майрам спорттук мелдештер менен коштолду. Салтанатта 9 кыргыз үй тигилип, дүйүм даамдар жайылды. Жаштар улуттук бийлерди бийлеп, карылар ак баталарын беришти. Кош-Дөбө айыл аймагында 15 миңден ашуун калк жашайт", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
munira-tilen
2018-03-18 16:24:09
Емнеге ертее нооорузга кутушсо болбойт беле
0
konfetka.medik
2018-03-19 12:18:41
munira-tilen,себеби нооруз күнү ар ким көчө көчөсүндө майрам өткөзүшөт сүмөлөк кылышат ошол себептен бул иш чараны эрте өткөрдүк
0
zhaku2017
2018-03-18 16:47:40
Жакшы болсун. Жалпы элди куттуктайм. Кыргыздын эн маанилуу майрамы.
+1
Azat.97
2018-03-18 17:05:58
Куттуктайм!!!
0
nuri_kerben
2018-03-18 21:28:04
Берекелуу менин айылым Кош Добо ... Майрамыныздар куттуу болсун ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан