"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имаратта эмнелер өрттөнгөнү аныкталды

18-мартта Бишкектеги Тунгуч-2 кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үй күйүп жатканы боюнча окурман SUPER.KG'ге маалымдаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрт кырсыгы тууралуу тастыктап, ал толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди.

"Аталган кичи райондогу №62-көп кабаттуу үйдүн жанында жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн саат 17:00 чамаларында өрт чыгып, №7-бөлүмдөн бир, №3-бөлүмдөн бир өрт өчүрүү тобу тартылган. Саат 18:04 чамасында өрт өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен жер төлөдө курулуш материалдары жана таштандылар күйүп кетти. Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок", - дешти ӨКМдан.

Тунгучта өрт чыкты.
Тунгучтагы өрт (18-март. 2018)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан