Кыргыз жана советтик театр жана кино артисткасы, Кыргыз ССР эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сабира Күмүшалиева Бишкек шаарынын Төкөлдөш кичи районунда 1917-жылы 19-мартта туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн соң 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан.
Сабира Күмүшалиева эпизоддук ролдордун мыкты чебери болгон. Муну режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасындагы Карыз аттуу кемпирдин ролун аткаруудагы чеберчилигинен көрсө болот. Ал аталган тасмада тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн. Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.
Сабира Күмүшалиева 1934-жылы Кыргыз драма театрына кабыл алынып, алгачкы жолу
Касымаалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасында башкы каарман
Карачачтын ролун ойногон. 1957-жылы театр искусство жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти" андан кийин "Кыргыз Эл артисти" наамын алган.

Адамга бир гана жолу сүйүү келет, ал эми калганы сүйүү деген түшүнүккө алдануу дешет. Сабира апа да жашоосунда чоң махабатка туш болот. Бул адам "сахна королу" аталган
Муратбек Рыскулов болгон. Сахнада өчпөгөн из калтырган тубаса таланттын ээси, көптөгөн мыкты ролдорду жараткан Муратбек Рыскулов Сабира апанын тагдыры болорун ал кезде эч ким билген эмес.
Көкүрөгү тынч ала албаган эр жүрөк улан "артист болом" деген ой менен Жумгалдан калаага карай жол тартат. Же даярдыгы жок, же колунда жок жаш жигиттин борборго келгенден кийин көрбөгөнү көр болот. Артисттик даяр тургансып дегдеп келген Муратбек театрга алгач жөнөкөй эле жумушчу болуп кирет. Ошол жерден Сабирага көзү түшүп калат. Бул кезде Сабира апа азыркыча айтканда "жылдыз" болуп, анча-мынчаны теңине албай турган кези эле. Өзүнөн көзүн албай тиктей берген Муратбекти алгач элес деле албайт. Бирок басса деле, турса деле, ролго даярданып жатса деле жаш жигиттин оттуу көздөрүнөн кутула албайт. Анын жоругуна жини келген Күмүшалиева ого бетер ачууланат.

"Күндөрдүн биринде ооруп калдым" деп эскерген Сабира апа. "Ошол учурда жанымдан чыкпай караган Мукеме биринчи жолу серп салып карадым. Андан кийин эле эмне болду билбейм. Мурун жинимди келтирген кийими деле жарашыктуу, өңү деле көзүмө жакшы көрүнүп калды. Ошентип жакын болуп кеттик".
Ошол мезгилден баштап Сабира апа Муратбек агага сабак үйрөтө баштайт. Өнөр баасын баалай билген Сабира Муратбектеги талант көзү ачылбай жаткан булактай оргуштап жол таба албай жатканын байкайт да, колдон келген жардамын аябайт. Мына, эч билими жок деген адамды көрүп алыңыз. Атактуу Шекспирдин "Король Лиринде", "Отеллодо", "Курманбек" пьесасындагы ролдорун Муратбек Рыскулов бийиктикте аткарып чыга келет. Өмүр бою үзөңгүлөш жүргөн актриса күйөөсүнүн жан шериги да, кеңешчиси да болуп берет.
"Муратбек роль аткарып жатканда жылуу сүттү колтугума жылуу сактап турчумун. Көшөгөнүн аркасында туруп ролу бүтүп чыгары менен ага сактап турган сүттү ичирер элем. Анткени артист эң биринчи тамагын сакташ керек эмеспи. Ушундай күндөр болчу" деп эскерген Сабира апа.
Өз талантын, өз жүзүн күйөөсү үчүн курмандыкка чалган Сабира апа көп жылдар бою таланттуу күйөөсүнүн көлөкөсүндө калып келген экен. Бирок ал Сабира апа үчүн сыймык да, бакыт да эле. Мукеси экөө 38 жыл бирге жашап, төрт баланы багып өстүрүшөт. Бирок таш боор ажал колунан талашып залкар талант Муратбек Рыскулов 64 жашында жүрөк оорусунан көз жумган.

Белгилүү актриса "Даңк" медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык жана Казак Республикасынын "Алтын Көпүрө", Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомолу сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын ээси болгон.

Сабира Күмүшалиева казак элинин "Адам - бугу", "Боордошум", "Уул тууган", "Согуш учурундагы балдар" ж.б. тасмаларында да ролдорду мыкты ойноп, эки элдин достугунда да данакер болгон болсо, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында роль жараткан. Сабира Күмүшалиева "Эрте жаздагы турналар", "Кызыл алма", "Тайлактын энеси", "Караш-караш окуясы", "Отко таазим", "Ак кеме", "Ак куулар конгон айдың көл", "Фудзиямада кадыр түн" жана башка кинолорунда кайталангыс ролдорду жараткан. Мындан сырткары "Уркуя" тасмасында, "Курманжан датка" спектаклинде роль жаратып, элинин эсинде калган.
Сабира Күмүшалиева 2007-жылы 15-сентябрда 90 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
