Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү аймагында 55 үй-бүлө таза суусуз калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, 14-июнда катуу жааган жамгыр суу тосмосун жана Кең-Кол айылына кеткен жолду жууп кеткен. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда.