ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: Ырчы, теле алып баруучу Асел Кадырбекова 27 жашка толду

Бүгүн, алып баруучу, ырчы Асел Кадырбекова 27 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, SUPER.KG порталына өздүк майрамын бир күн кеч белгилей турганын билдирди.

Ал: "Март айынын аягына чейин аймактарга жеке концертимди коюп жүргөм. Кечээ Сосновкада концертим болгон. Алпаруучу сахнага чыгып 19-март менин туулган күнүм экенин айтканда элдин баары куттукташты. Аябай жагымдуу болду. Туулган күнүмдү бүгүн белгилебейм, бир иш-чарага чакыруу алгам. Буюрса, эртең досторумдун курчоосунда тосом. Буга чейин туулган күнүм үй-бүлөлүк майрам болчу", - дейт.

Ырчы Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ош облусундагы Финансы-юридикалык колледжди аяктап, ОшМУдагы Юридикалык факультетин аяктаган.

16 жашынан тарта шоу-бизнеске аралашып, 2010-жылы "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чоң сахнага чыккан. Өткөн жылы Тумар радиосунда ди-джей катары иштей баштаган. Мындан тышкары Асел айым "Сүйүүнүн керемети", "Мандарин" тасмаларында роль жаратып, актриса катары таанымал.

19-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nurik838383
2018-03-19 10:08:49
Эрге тий эми
+5
Kumarchik
2018-03-19 10:12:28
мага турмушка чыкчы
+5
nuri1
2018-03-19 10:48:10
Туул-н к-н кут болсун. Абдан сулуу кызсын да. Ушинтип жакшынакай болуп журо бер. Если что, экообуз уйлонуп алсак деле болот. Мен дагы сендей сулуу кызды издеп журом.
+2
Asman...
2018-03-19 11:20:23
Абдан жакшы кором негедир. Оздук майрамыныз кут болсун.
0
dastan_nookat
2018-03-19 11:41:35
Туулган күнүңүз кут болсун!!!
0
admin_superstan
2018-03-19 11:44:13
BBB88, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат. Эскертүү!
+2
Batma08
2018-03-19 14:01:47
Эртерак турмушка чыкса болмок. Уй було балан болсо ошолда озунчо бир бакыт.
0
Zainidin96
2018-03-19 23:54:05
Мага турмушка чыкчы аябай суйом да ушул кызды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан