Январь-февраль айларында социалдык багытка 9 миллиард 2 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын бирдей мезгилиндегиден 1 миллиард 387 миллион сомго көбүрөөк.
Бөлүнгөн акча каражаттарынын ичинен:
- Социалдык коргоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 28,2 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 580 миллион сомго көбөйүү менен 4 миллиард 885 миллион сомду) түздү;
- Билим берүүгө сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 13,8 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 334 миллион 800 миң сомго азаюу менен 2 миллиард 389 миллион 6 миң сомду) түздү;
- Саламаттыкты сактоого жумшалган чыгашалардын салыштырма салмагы 9,5 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 349 миллион 400 миң сомго көбөйүү менен 1 миллиард 636 миллион сомду) түздү;
- Эс алууга, маданиятка жана динге сарпталган чыгашалардын салыштырма салмагы 2 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 123 миллион 500 миң сомго көбөйүү менен 338 миллион 500 миң сомду) түздү;
- Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын негизги суммаларын кошкондо) 24 пайызды (былтыркыга салыштырмалуу 11 миллион 8 миң сомго азаюу менен 4 миллиард 154 миллион сомду) түздү;
- Турак жай-коммуналдык чарбага жумшалган чыгымдардын салыштырма салмагы 3 пайызды (өткөн жылдагыга салыштырмалуу 47 миллион 600 миң сомго азаюу менен 514 миллион 700 миң сомду) түздү.