Эриккен эне кызына жашылча-жемиштерден "кийим кийгизип" сүрөткө тартты

Интернет, социалдык тармактар көп адамдын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Өзүнүн баракчасына эмне жаңылык киргизип көпчүлүктүн көңүлүн бурсам деген ой менен жүргөндөр аз эмес.

Ошондой оюн ишке ашыргандардын бири Кытайда кичинекей кызына жемиштерден "көйнөк кийгизип" сүрөткө тарткан Дэбби Ху. Ал декреттик өргүүдө отурган эне. Анын кызын "жашылча-жемиштер менен кийинткен" сүрөттөрү интернетте талкуу жаратууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, көйнөктөр мөмө-жемиштерден, таттуулардан турат.

"Кичинекей кызына 2 жуманын ичинде күндө ар кандай жер-жемиштерден турган "кийимдерди кийгизип" тарткан кытайлык Дэбби Ху интернетте талкууга түштү. Эне авокадо, ананас, брокколи жемиштери менен кыздын денесин жаап сүрөткө тарткан.

Колдонуучулардын арасында аны жактырып, "жакты" белгисин баскандар бар. Жемиштер менен кызынын көлөмүнүн дал келтирүүсүн мыкты окшоштургандыгын белгилешкен сүрөткө күбө болгондор.

Ошол эле учурда сүрөттөрдүн максаты аныкталбаганын, такталбаганын билдиришип, элдин көңүлүн бурдуруу үчүн гана жасалган аракет экенин жазгандар көп", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nevestkaa
2018-03-19 10:17:14
Жакшы эле,эмнеси жаман?
+3
Zainidin96
2018-03-19 11:53:38
Ушулбу жанылык жакпады мага
+8
Bekzamann
2018-03-19 14:50:56
дарбыз бар экен бул кытайларда.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан