Ош облусунун Жапалак айылында жол кырсыгы болуп, 2 адам жаракат алды
Ош
облусунун Жапалак айылында жол кырсыгы
болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 15-июнда саат 00:20да Тико жана Мерседес
унаалары кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен Тико унаасынын айдоочусу, 29
жаштагы И.Козуев жана Мерседес унаасынын айдоочусу, Жапалак айылынын тургуну 49
жашар А.Моминов жаракат алышып шаардык ооруканага жеткирилди.