"Каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ордуна депутат болуп келе турган Насыр Мусаев ооруп жатат", - деп бүгүн, 19-мартта SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, комиссия талапкердин соттолгон же соттолбогонун текшерүү жана башкаларды тактоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөткөн суроо-талаптардын жообу келген. Бирок Насыр Мусаев ооруп келе албай жатканын белгиледи.
19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген. "Кыргызстан" фракциясы Насыр Мусаев ооруп, чет мамлекетте жүргөнү боюнча кабарлаган.