1979-жылы 19-мартта мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 69 жашында каза болгон. Ал 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында шахтёрдун үй-бүлөсүндө туулган. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган.
Исхак Раззаков Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. Өзбек ССРинде 1936-1938-жылдары Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, ЭКС төрагасынын орун басары, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген.
Ал эми 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргыз КП БКнын биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. Ошондой эле КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Исхак Раззаков 2 Ленин, Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган.
19-мартка карата жылнаама.