Зимбабведе "Эң сулуу альбинос айым" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Зимбабведе "Эң сулуу альбинос айым" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Эң сулуу альбинос айым" наамын 22 жаштагы Ситхембисо Мутукура аттуу бийкеч жеңип алган. Сынакка жалпысынан 12 сулуу катышкан.

"Биз өзүбүздүн укуктарыбызды коргоону улантышыбыз керек. Менин жеңишим буга өбөлгө болот деп ишенем. Мен башымдан көп окуяларды өткөрдүм. Мендей өзгөчө болуп төрөлгөн адамдар эр жүрөк жана өжөр болуусу керек", - деп билдирген Мутукура.

Өзүнүн жеңиши үчүн сулуу 85 миң доллар акчалай сыйлык алган.

Альбинизм латындын "албус" - "ак" деген сөзүнөн алынган. Альбиностор – планетадагы сейрек кездешүүчү адамдар. Тактап айтканда, альбиностор – териси, чачы, каш-кирпиктери аппак болуп төрөлгөндөр. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, ткандарга өң берүүчү меланинди иштеп чыгаруучу тирозин затынын толук же жарым-жартылай жок болушу альбинизмге алып келет. Негизинен альбинизм тукум кууйт деп айтышат адистер.
Дүйнөдө альбинизм менен жабыркаган адамдар коомчулук тарабынан көптөгөн басмырлоого туш болушат. Коомчулуктун түшүнбөө менен мамиле жасагандыгы альбиносторду коомдон өздөрүн алыстатууга алып келет. БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган резолюцияга ылайык, 13-июнь - Альбинизм тууралуу маалыматтарды таратуунун эл аралык күнү катары белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан