21-мартта саат 15:00дө SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коноктору эстрада ырчылары Айнура Салахидинова жана Азиза болмокчу. Тактай кетсек, буга чейин үч курбуну толугу менен шаң куруп кетсин деп чакырган элек. Алардын ичинен Роза Шакирова үй-бүлөлүк себебин түшүндүрүп, Таласка шашылыш кетип жатканын айтты.
Өнөр жолу менен катар үй-бүлө күтүп, чыгармачылыгын бир калыпта кармап келе жатышкан ырчылар трио катары да уккулуктуу ырларды ырдап жүрүшөт.
"Сахна үчүн курмандыгым – кеч турмушка чыкканым. Күйөөгө чыкканга чейин үйдө бул эӊ глобалдуу маселе болчу. Үйдөгүлөр күйөө таап, "баланчанын баласы экен, жакшы жерде иштейт экен, сүйлөшүп көрсөӊ" деп жанымды коюшпайт. Апам "артист деген аттын өзү жаман" деп каршы болгонуна карабай ырдап чыккам. Сахналаш досторум үчөөбүздүн мүнөзүбүз үч башка, Роза шайыр, Айнура жоош, мен өжөрмүн", - дейт Азиза.
Ал эми Айнура Салахидинова: "Үчөөбүз башында той үчүн "Эски досторго" аттуу ырды жаздырганбыз. Бул чыгармабызды тойлордо, концерттерде уккан күйөрмандарыбыз "үчөөңөргө чогуу ырдаган аябай жакшы жарашат экен. Дагы ырларыңар барбы?" деп сурангандыктан "Шат күндөр" аттуу ырды жаздырдык. Чогуу ырдагандын пайдасы бизге көп эле тиет. Мисалы, жолдошум алыс жакка жалгыз жибербейт. "Роза эже, Азиза менен барам" десем макул болот. Экинчиден, клип тартканга кеткен каражатты үчөөбүз чогуу төлөйбүз", - деген бир маегинде.
Ырчыларга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.