Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Тазалык полициясын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат интернеттеги баракчасына жазды.
Анын пикиринде, карапайым жарандардан тартып аткаминерлерге чейин ишембилик өткөрүп, ар кандай иш-чараларды жасаганы менен тазалык жаатында эч кандай жылыштар байкалган эмес, тескерисинче, айлана-чөйрө таштандыга толуп бара жатат.
"Ишембиликтер, иш-чаралар уюшулганы жакшы, бирок ал иштер андан ары уланган жок. Кагаз түрүндө гана "тазалыкты сактоого аракет кылып жатабыз" деген отчёттор болбосо, иш жүзүндө баары башкача. Таштандылар менен күрөшүү боюнча полицияны түзүү тууралуу сунушум - бул маселени чечүүнүн эң жакшы жолдорунун бири.
Тазалык полициясы өзүн өзү каржылаган мекемелерден болот. Тазалык тартибин бузгандарга айып пул салынып, ал каражат полициянын өзүнүн казынасына түшөт жана ошол акча аркылуу кызматкерлерге айлык акы чегерилет", - деп жазды Бекешев.
Мындан тышкары, ал тазалык полициясына курал алып жүрүүгө болбой турганын, мыйзам бузгандардын ишин далилдөө үчүн камерасы болуш керек жана бул кызматка өз ыктыяры менен келген жарандар иштей ала турганын баса белгиледи.