АКШда акробат оюн көрсөтүп жаткан учурда бийиктиктен кулап каза болду

АКШда акробат оюн көрсөтүп жаткан учурда бийиктен кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, "Cirque du Soleil" циркинин 38 жаштагы акробаты Янн Арно Флориданын Тампа шаарындагы оюн учурунда шакекче менен ар кандай трюктарды жасап жаткан. Бир убакта кокустан кулап кетип, ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракаты жеңил эмес болгондуктан, ал ооруканадан каза болгон. Аталган цирктин директору Даниэль Ламардын билдиргенине ылайык, Арно аткарган трюк өтө деле оор трюктардын катарына кирбейт. Анын үстүнө ал 15 жылдан бери циркте иштеген тажрыйбалуу акробат болгон.

Белгилей кетсек, Янн Арно орус улутундагы Инна Горелова аттуу айымга баш кошуп, 1 кыздуу болгон.

АКШда акробат бийиктиктен кулап каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TazaKyrgyz
2018-03-19 13:23:11
Жаткан жери жайлуу болсун.Жакшынакай семьялар экен.
+2
Zainidin96
2018-03-19 13:29:52
Келинчеги кызы татынакай экен арты кайрылуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан