ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: Алгач электрик, почточу болуп иштеп, андан соң ырчылыкка өткөн Валерий Леонтьев 69 жашка чыкты

Орусиялык белгилүү ырчы Валерий Леонтьев 1949-жылы 19-мартта Коми республикасындагы Усть-Уса айылында жарыкка келген. Үй-бүлөсү чыгармачылыктан алыс адамдар болгон. Атасы мал доктурлук менен алектенген. Болочок ырчы ата-энесинин жашы ортолоп калганда көргөн баласы. Апасы аны 43 жашында төрөгөн. Валерий эки бир тууган болчу, эжеси Майя 2005-жылы каза болуп калган.

Кичинекей Леонтьев чыгармачылыкка бала кезинен эле жакын болгон. Сүрөттү жакшы тартып, мектеп хорунда ырдаган. Келечекте артист болгусу келгени менен жөнөкөй үй-бүлөдө туулган бала ал кыялынын ишке ашуусунан күмөн санаган.

8-классты аяктаган соң Муром шаарындагы радио-техникалык техникумга тапшырып, өтпөй калат да, кайрадан мектебине келип, окуусун улантат. Артист болуу кыялы ишке ашуусунан биротоло түңүлгөн ырчы деңиз-океан менен иштөөнү максат кылат. Бирок артист болуудан үмүтүн үзө албай, мектепти аяктагандан кийин Москвадагы театралдык окуу-жайга тапшырат. Анын чечкинсиздиги жана өзүнө ишенбегендиги күчтүүлүк кылып, экзамен тапшырууга аз калганда документтерин алып кетет.

Электрик, почточу, кирпич чыгаруучу заводдо ар кыл жумушту аркалаган болочок ырчы Воркуттагы тоо-кен институтуна тапшырат. Кечки бөлүмдө окуп, күндүзү кечке иштеп баштайт. 3-курстан окуусун таштап, жан дүйнөсү тынч койбогон артистикке бет алат.

Бат эле "Эхо" тобунун ырчысы болуп чыга келет. Топ жаңы ырчы менен эки программа даядап, Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдү кыдырып, гастролго чыгат. Жергиликтүү клубдардын ичи толтура эл Леонтьевди укмуштуудай кабыл алышат. Бир топко басылбаган кол чабуулар ырчыга дем берет.

1978-жылы алгачкы ирет Орусиянын чоң сахнасында ырдап чыгат. Концерт укмуштуудай ийгилик менен өтөт. Ал концерттен кийин шаардык филармонияга иштөөгө чакырык алат. Ал Эл аралык сынактарга катышуу шартын айтып, макулдук берет. Жумушка алынган ырчыга ошондон тартып ийгиликтер биринин артынан экинчиси келе берет.

1980-жылдардын башында Леонтьевди Советтер Союзуна кирген бардык өлкөлөр таанып калышат. Анын концерттери аншлаг менен өтө баштайт.

Ырчы жеке жашоосу тууралуу көп айтууну каалабайт. Ошондуктан анын турмушу тууралуу айың-кептер да көп. 1972-жылдан тартып бас-гитарачы Людмила Исакович менен бирге жашап, 1998-жылы мыйзамдуу никеге турушкан. Жубайы учурда Майамиде жашайт.

Көп жылдан бери ырчыны Москвадагы батиринде жалгыз жашайт деп келишет. Бирок ал өзү "жубайым менен ажырашкам" деп ачык айта элек. Жубайы экөөнүн ортосунда бала жок. Ырчыны Лайма Вайкуле, Лариса Долина, Лора Квинт менен да сүйүү романын түзгөн деген кептер айтылып келет.

19-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2018-03-19 15:52:16
Леоньтевтин бир нерсеси болуш керек балалуу болбогонуна караганда же төрөбөсө.
0
aszyma
2018-03-19 19:13:22
Бизде 70теги лер чал болуп калган. Бул дагыэле 25жаштагыдай секирип ырдапбийлейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан