Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарынын саны азайды

Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарынын саны азайды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарынын саны миң адамдан ашса, учурда алардын саны 600гө жакын. Ошол эле тапта 2018-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча Корея Республикасындагы Кыргыз жарандарынын саны мурдагы жылга салыштырмалуу өстү. Азыркы тапта аталган өлкөдөгү Кыргыз жарандарынын саны 6 миң адамга жакындаган.

Мындан сырткары, Кыргыз элчилиги жарандарыбызга Корея Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүрбөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге эки өлкөнүн карым-катнаштарын жакшыртуунун үстүндө иш алып баруусун уланта бере турганын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2018-03-20 23:22:49
Кылычбек.Султанов. Азамат ушунун баарын кылган. Малайзияда иштеп жакшы иш аткарган. Москвага да келип иштегенде жакшы болмок. Оногу сөрөй эшек такалап жүрөт айдаш керек иштебесе! Буйруса Кылычбек.Султанов президенттикке да татыктуу!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан