Ноокен районунун Ношкен айылында кош бойлуу болуп турмушка чыккан окуучу кыз боюнча териштирүү иштери башталганын SUPER.KG'ге 19-мартта Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты. Маалым болгондой, милиция териштирүү иштеринин жыйынтыгына ылайык чара көрөт.
Ал эми Ноокен райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Козуев кыздын боюнда бар же жок экендиги дарыгерлердин аныктамасы менен белгилүү болорун билдирди. "Мен "кыз кош бойлуу эмес" деп эч кимге эч качан маалымат берген жокмун. Биз азырынча так айта албайбыз, ал дарыгерлердин аныктамасы менен гана белгилүү болот", - деди Козуев.
Белгилей кетсек, 11-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калып, аны ата-энеси мектептен чыгарып кетип турмушка бергенин 18-мартта айылдагы №20-мектептин директору Абдукерим Толубаев тастыктаган.