Швейцариялык "MFT Services SA" компаниясы "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын сатып алууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фонд аталган компаниянын катын "Мегакомдун" кароосуна жөнөттү. Мындан тышкары мекеме буга чейин уюлдук операторду сатып алууга кызыкдар болгон компаниялар да каралып жатканын билдирет.
Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун буйругуна ылайык, мекемелер аралык комиссия түзүлүп, учурда "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын сатуу үчүн сынак өткөрүүгө даярдыктар жүрүүдө. Бул процедуралар акырына чыккандан кийин фонд тийиштүү жарнаманы мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяламакчы.
Эске сала кетсек, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан, өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.
Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду "Мегаком” компаниясын сатып алам деген орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү баштап, кайра токтоткон. Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, тараптар эки жакты тең канааттандырган шарттарга жете алышкан жок. Андан кийин кытайлык "Huawei Technologies" менен кошо Кыргыз өлкөсүндөгү “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга макулдук бергени белгилүү болгон "АКА минералз энд майнинг" ишканасынан да сунуштар түшкөн. Мындан тышкары "Альфа Телеком" компаниясын сатып алуу боюнча “Goldenkey Asset Investment & Management" деген Түштүк Кореялык компаниядан сунуш келип түшкөнү 28-февралда кабарланган.