Алыш күрөшү боюнча өткөн эл аралык турнирде Кыргыз балбандары 18 медалга ээ болду

Баяман Эркинбаевдин элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык турнирде Кыргыз балбандары 18 медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мелдеш 17-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн. Анда Кыргыз өлкөсүнүн алыш боюнча курама командасы 6 алтын, 5 күмүш, 7 коло байгеге ээ болду. Жеңүүчүлөр диплом, медалдар менен сыйланды.

Турнир Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) эрежеси менен өтүп, балдар менен кыздар алты салмак категориясында күч сынашты. Чоңдор арасындагы мелдешке 12 өлкөнүн атынан 76 спортчу катышты.

Байгеге ээ болгон Кыргыз балбандарынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Марлен Абдурасулов - күмүш;

Эрланбек Мурзабеков - коло;

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

Шаршеналы уулу Мадаминбек - күмүш;

Жаныбек уулу Үсөн - коло;

Элдияр Сексенбаев - коло;

80 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мырзабек Кочкоров - алтын;

Каримжан уулу Жылдызбек - күмүш;

Руслан Табалдиев - коло;

90 килограммга чейинки салмак ченинде:

Чыңгыз Чалабаев - алтын;

Сапармурат уулу Нурмамат - коло;

100 килограммга чейинки салмак ченинде:

Кадыр Келсинбеков - алтын;

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

Анара Рыскулова - күмүш;

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мээрим Момунова - күмүш;

Күмүшай Аттокур кызы - коло;

65 килограммга чейинки салмак ченинде:

Бактияр кызы Нурзат - алтын;

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

Алибай кызы Уулкан - коло;

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мамарасул кызы Алтынай — алтын;

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нагира Сарбашева - алтын;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik-88
2018-03-19 20:27:12
Азаматтар бирок тандап алуу турларында судьялар кучтуу балбандарды калтырып жердешчилик кылып коюшту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан