"Жан дүйнөмдөгү уйгу-туйгу сезимдер ырчылыкка түрттү" дейт алгачкы ырын жаздырган кыл кыякчы Залина Касымова

Чыгармаларды миң түркүн кубулжутуп, кыяк менен аткарып келген кыл кыякчы Залина Касымова ырчылыкка багыт алды. Ал муну жан дүйнөсүндөгү уйгу-туйгу сезимдерди ыр менен бергиси келгени менен түшүндүрдү.

"Мен негизи кичине кезимден эле ырдайм. Бала чагымда үйгө киши келгенде конокторго ырдап берчүмүн. Бирок Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебинин кыяк бөлүмүндө окугам. Акыркы учурда жан дүйнөмдө болгон уйгу-туйгуну ыр менен чыгаргым келип, биринчи ырымды эл алдына сунуш кылдым. Ыр "Күн балам" деп аталат, ал аркылуу балдарыма болгон сүйүүмдү билдирдим. Негизи ырчы болсомбу деп бир жылдан бери ойлонуп, вокалдан сабак алдым. Эми клип тарттырам", - дейт Касымова.

Кошумчалай кетсек, Залина Касымова езгил закымдары", "Деңиз каракчылары", "Менин сүйүүм", "Үкү", "Сезим ыргактары", "Айтсаң боло", "Миң кыял" сыяктуу бир нече чыгармаларды кыяк менен аткарып, аларга клип да тарттырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aruwka.89
2018-03-19 18:25:57
Жагат ушу Залина ийгилик!!!
+2
bantik
2018-03-19 20:08:43
Куйоосу Аскат Мусабековго атаандашып эле ырчы болуп алды окшойт...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан