Саламаттыкты сактоо министрин сотко берген маселе боюнча министрлик үн катты

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди сотко берип жаткан Айбар Султангазиев өзү мурда соттолгонун моюнуна алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрдин кеңешчиси Руслан Амираев билдирди.

"Султангазиев, каалайбы же каалабайбы, ал соттолгон адам, муну өзү да моюнуна алган. Биз ошону эле айтып жатабыз. Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө мыйзамында соттолгон адам коомдук кеңештин мүчөсү боло албай турганы жазылып турат. Соттолгондугу тууралуу токтотулганбы, токтотулган эмеспи, андай нерселер каралган эмес. Ал 1998-1999-жылдары 30 килограмм кара куурай менен кармалып, бардык иш жабылып келип 1000 сом айып пулга жыгылган. Бир жылдан кийин анын соттук иши токтотулган. Биз соттошууга даярбыз, эч кандай жалган жалаа жабылган эмес, анын соттолгону тууралуу бизде тактама да бар", - деди министрдин кеңешчиси.

Айта кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев "министр Талантбек Батыралиев ар-намысыма шек келтирди" деген негиз менен Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылганын бүгүн, 19-мартта SUPER.KG порталына билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
romaantik
2018-03-19 17:49:42
Бирин терек бирин тал бирин олуп бирин кал. Бир тыйындык пайданар пайданар жок баарын биригип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан