Сузак районундагы иске ууланган үй-бүлөнүн 3 жаштагы баласы ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында Сузак аймактык ооруканасынын башкы дарыгери SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн, иске ууланган үч жаштагы баланы үйүнө чыгардык. Анын абалы канааттандырарлык. Ал эми апасынын абалы туруктуу, бирок ооруканадан чыгарыла элек. Себеби баш оорусу айыга элек болгондуктан, ал дагы бир аз дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Ал эми тамак ичкени, баскан-турганы жакшы болуп калды", - деп билдирет башкы дарыгер.
Эске салсак, 14-мартта Сузак районуна караштуу Кайрагач айылындагы үй-бүлө мүчөлөрү көмүрдүн исине ууланып, атасы жана уулу каза болуп, жубайы менен кичүү баласынын абалы оор экени айтылган.