ЭЛДИК ВИДЕО: АКШда 2 башы жана 2 жүрөгү бар жылан табылды

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Эки баштуу жыландын эки жүрөгү бар экен, тобо" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.

Видеодон жыланды окумуштуулар текшерип жатканын көрүүгө болот. Чет элдик басылмалардын жазган маалыматына таянсак, жыланды АКШнын Флорида штатындагы жергиликтүү фермер таап алып, ветеринарга алып келген. Текшерүү учурунда анын 2 башы гана эмес, 2 жүрөгү да бар экени аныкталган.

Ветеринар Лорен Тилен бул сейрек кездешүүчү окуя экенин айтып таң калган.

"Мен бул жаныбардын 2 жүрөгү болгонуна таң калып жатам. Кошулуп туулгандардын тамак сиңирүү жаатында маселе болгондуктан, булар көпкө жашай алышпайт", - деген ойду айткан ветеринар.

Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aman0296
2018-03-19 18:37:19
Бир денеден 2 баштуу кыздар бар эле го. Ошолор эмне болду экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан