"Ынтымак" командасынын улакчысы Азим Болот уулу: "Буюрса жеңишке жетип, финалга жолдомо алдык"

Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери орун алды. "Ынтымак" командасынын улакчысы Азим Болот уулу "Биримдик Аю" командасы менен болгон беттеш тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Жарым финалдык оюн абдан кызыктуу болду. Абдан күчтүү командага туш келип калдык, жаңы чыгып баштаган команда болгону менен алар мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп жүрүшөт. Буюрса жеңишке жетип, финалга жолдомо алдык. 2017-жылы дагы бул мелдештин финалына өтө алганбыз. Анда "Достук" менен беттешип, 8:7 эсебинде жеңишке жеткенбиз. Бул спорт экен, эми күчтүү команда жеңсин", - дейт Азим Болот уулу.

Айта кетсек, "Аккула" ат майданында жарым финалдын алкагында "Ынтымак" - "Биримдик Аю" жана "Достук" - "Арашан" командаларынын беттеши орун алды. Анда Азим Болот уулунун "Ынтымак" командасы аттандашын 2:1 эсебинде утуп алды. Ал эми "Достук" менен "Арашан" командасынын беттеши 15:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Эми мелдештин финалында Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен беттешсе, 3-орун үчүн беттеште Чүйдүн "Биримдик Аю" жана "Арашан" командалары күч сынашмакчы.

Бүгүн, 19-мартта болгон беттештердин жыйынтыгы, жарым финал:

"Ынтымак" - "Биримдик Аю" - 2:1;

"Достук" - "Арашан" - 15:1.

21-мартта өтө турган беттештер:

3-орун үчүн беттеш:

Саат 10:00дө "Биримдик Аю" - "Арашан"

1-орун үчүн беттеш:

Саат 14:00дө "Ынтымак" - "Достук"

Нооруз-2018: "Ынтымак" менен "Достук" көк бөрүнүн финалында кездешмей болушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2018-03-19 19:04:48
Буйруса быйылда силер чемпион болосунар
+3
Talaschanka
2018-03-19 19:51:20
Чемпион болушунар менен куттуктайм. Буйруса быйылда кубаныч биз тарапта. МОЛОДЦЫ!!!
+4
iskak86
2018-03-19 19:56:34
Алга Достук алга достук чемпион урааааааа
+3
Ramis.Ramis.kg
2018-03-19 20:05:27
Достук
-5
TazaKyrgyz
2018-03-20 00:18:35
Азамат!!!Эн туура айтыптыр кучтуулор женсин.Алга кыргызымдын жигиттери!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан