Быйыл ажылык сапарга барчулар 2890 доллар төлөшү керек

2018-жылдагы ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адамга 2890 доллар каражат керектелет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ажылыкка баруу үчүн катталган жарандар акчасын ушул жылдын 13-апрелине чейин РСК банкы аркылуу төлөөсү керек.

"Ал эми Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору жана Ош шаарынан ажылык сапарга катталган талапкерлер өздөрүн тизмеден тактап алгандан кийин гана акчаны төлөөсү керек. Себеби аталган аймактарда ажылык сапарга берилген орундар жетпей калгандыктан, кезекке туруп калгандар бар", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, быйыл Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына ажылыкка баруу үчүн 5400 орун бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан