Ошто 3 эм жарыкка келди. Бул тууралуу Ош облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Кенжебаева Гүлбара SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, 3 эм 17-мартта жарыкка келген.
"Учурда эне менен ымыркайлардын ден соолугу жакшы. Үчөө тең кыз. Ымыркайлардын салмагы аз болгондуктан, азырынча алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Жаңы төрөгөн эне Мафтунахан Исмаилова 1994-жылы туулган. Буга чейин 2 баланын энеси болчу", - дейт дарыгер.