"Ата Мекендин" юристтери Абдил Сегизбаевди сотко берүү укугуна ээ болушу мүмкүн

"Ата Мекен" партиясынын юристтери УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди жана президенттик аппараттын мурдагы пресс-катчысы Алмаз Үсөновду сотко берүү укугуна ээ болушу мүмкүн.

Юристтердин бири Таалайгүл Токтакунова SUPER.KG порталына билдиргендей, экс-депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаев Абдил Сегизбаев менен Алмаз Үсөновго райондук соттон утулушкандан кийин аппеляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышмак. "Бирок Биринчи Май райондук сотунун чечими убагында колубузга тийбегендиктен, сотко кайрыла албай калганбыз. Ошол процессуалдык мөөнөттү калыбына келтирип берүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылдык. Шаардык сот бул маселени карай турган болду, угуу 28-мартка белгиленди", - деди Токтакунова.

Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин жана Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын аттары аталган.

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ал кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан.

Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Akabai
2018-03-19 19:35:44
Өндүргүлө Абдилдин эмнесин аяйсыңар
+12
Mirlan27011987
2018-03-19 20:05:11
Мышыка - оюн, чычканга - олум, болуп эле жатышат.
+2
anash
2018-03-19 21:30:23
Теке чыканда башталат баары....аз калды окшойт...
+2
nurbekasr
2018-03-20 00:02:39
Текебаев чыкса буюрса чоң тазалоо иштери жүрөт.
+1
Adiletia
2018-03-20 01:55:49
nurbekasr,
Туураайтасын Текебаев чыгыш керек, атамбаев сегизбаев жана сот айбек эрнис уулун үчөөнү камаш керек. Тецтин жегичтерин дагы камаш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан