Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери орун алды. Оюн учурунда жаракат алып, оюндан четтеп калган "Биримдик Аю" командасынын улакчысы Урмат Мусаев кырсыктап калганы жана бүгүнкү оюн тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Ынтымак" менен татыктуу оюн болду. Биздин команда мелдештин башынан баштап эле күчтүү командалар менен ойноду. Бирок ал беттештерден кийин деле балдар чарчаган жок. Биздин коргонуубуз бир аз начар болуп калды окшойт. Атаандашыбыздын казанына көп улак кирбей калды. Оюнду башында жакшы баштаганбыз, анан айрым балдарыбыз жаракат алып калып, оюндун ыргагы бузулуп кетти. Өзүм да кырсыктап, оюндан четтетилдим. Тайказандын жанында ат секирип кетип, кулап калдым. Азырынча эмне жаракат экенин биле элекмин, дарыгерлер колумду таңып коюшту", - дейт Урмат Мусаев.
Эске салсак, Урмат Мусаев буга чейин командасынын даярдыгы тууралуу айтып берген.
Айта кетсек, "Аккула" ат майданында жарым финалдын алкагында "Ынтымак" - "Биримдик Аю" жана "Достук" - "Арашан" командаларынын беттештери орун алды. Анда Урмат Мусаевдин "Биримдик Аю" командасы аттандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды. Ал эми "Достук" менен "Арашан" командасынын беттеши 15:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Эми мелдештин финалында Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен беттешсе, 3-орун үчүн беттеште Чүйдүн "Биримдик Аю" жана "Арашан" командалары күч сынашмакчы.
Бүгүн, 19-мартта болгон беттештердин жыйынтыгы, жарым финал:
"Ынтымак" - "Биримдик Аю" - 2:1;
"Достук" - "Арашан" - 15:1.
21-мартта өтө турган беттештер:
3-орун үчүн беттеш:
Саат 10:00дө "Биримдик Аю" - "Арашан"
1-орун үчүн беттеш:
Саат 14:00дө "Ынтымак" - "Достук".